1

Билим алуу

Билим берүү — бул адамдын дүйнө, баалуулуктар, мурунку муундар топтогон тажрыйба жөнүндө билим менен таанышуу процесси жана натыйжасы. Билим алуу укугу — бул көптөгөн эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адамдын негизги укуктарынын бири.

Бул блокто биз эң көп берилген суроолорго жоопторду топтодук. Алар сиз үчүн пайдалуу болот деген ниеттебиз.

Билим алуу укугу деген эмне?

Билим алуу укугу ар бир адамдын жынысына, расасына, улутуна, динине, социалдык жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алуу укугуна ээ экендигин билдирет. Билим берүү жок дегенде башталгыч жана жалпы билим беруу мектептеринде акысыз болушу керек. Башталгыч билим берүү жана билим алуу (9 класс) милдеттүү болуш керек.

Мамлекет акысыз жогорку билим берүүгө милдеттүбү?

Мамлекет, сапаттуу билим алуу үчүн шарттарды түзүп берүүго милдеттүү. Башталгыч жана жалпы билим берүү акысыз болушу керек. Ал үчүн мамлекет мамлекеттик мектептерди курат жана колдойт. Мамлекет жогорку билимди акысыз кылууга милдеттүү эмес. Бирок, айрым тармактар жана адистиктер боюнча, мамлекет квота (акысыз окуу) бөлүп берет жана студенттердин айрым топторуна, мисалы, жетим балдарга жана жакшы окуган студенттерге жеңилдиктерди берет.

2
3

Бюджет менен контракт эмне менен айырмаланат?

Бюджет ЖОЖда акысыз билим алууну билдирет, контракт болсо студенттин өз каражаттары аркылуу билим алуусуну билдирет.

Университет менен келишим түзүп жаткан учурда кайсыл нерселерге көңүл буруш керек?

Эгерде окуу контракттык турдө болсо, келишимдин шарттарын кылдаттык менен карап чыгыш керек, себеби кызмат көрсөтүүнүн негизги пунктары ошол жерде баяндалат.

4
6

Кандай учурларда окууга арзандатуу жана жеңилдиктерге ээ боло аласыз?

Эгер сиз ушул критерийлерге жооп берсеңиз, анда университеттен арзандатууларды жана жеңилдиктерди ала аласыз. Бирок, ар бир университет кошумча шарттарды жана критерийлерди коё аларын унутпаңыз. Ошондуктан, сиз бул жөнүндө окуган же тапшырууну каалаган университеттен сурап билүүңүз кажет.

— зээндүү жана таланттуу студентер

— ЖРТнин «Алтын Сертификат» ээлери

— толук жетимдер

— мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар

— республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү

— көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан адамдар

Бакалавр деген эмне? Бакалаврдын диплому менен ишке кирүү мүмкүнбү?

Бакалавриат — бул Болондук билим берүү системасынын биринчи баскычы болгону менен чындыгында, бул толук бүткөн жогорку билим болуп саналат. Андан ары изилдөө милдеттүү эмес жана бүтүрүүчүнүн каалоосу боюнча жүргүзүлөт. Колдо бакалавр диплому болсо да жумушка ийгиликтүү орношууга мүмкүн.

5
8

Магистратура деген эмне? Магистратурага тапшыруу зарылбы?

Магистратура — бул жогорку билим берүүнүн эки баскычтуу системасынын экинчи баскычы, анда келечектеги кесиби боюнча так чечим кабыл алгандар жана ал үчүн кандай билим алууну каалаары жөнүндө так түшүнүгү бар адамдар окушат. Бул квалификация менен жакшы жумушка орношуу жана  жогорку баштапкы позициядан карьералык өсүүгө жетүү оңой. Мындан тышкары, магистрдик диплом — аспирантурага, ординатура программаларына, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана академиялык коомчулуктун мүчөсү болууну пландап жаткандар үчүн милдеттүү шарт.

Дистанциондук окуу менен онлайн окуу арасында кандай айырмачылык бар?

Дистанциондук окутуу — окутуучунун жана окуучунун маалымат технологияларын колдонуу менен аралыкта өз ара байланушуунун бир түрү. Дистанциондук окутуу учурунда студент иштелип чыккан программага ылайык өз алдынча окуйт, вебинарлардын жаздырууларын карап чыгат, маселелерди чечет, мугалим менен онлайн чатта кеңешет жана мезгил-мезгили менен аткарган иштерин текшерүүгө жиберип турат.

Онлайн окутуу окутуучу менен бир убакта, маалыматтык технологиялар (зум, скайп) аркылуу өтөт.

7
(Просмотров за все время 2 738, 4 посещений за сегодня)