1

Бойго жетүү этаптары (укук жана милдеттери)

Сиз чоңойгон сайын, жашыңыздарга жараша Кыргыз Республиканын мыйзамдары сиздерге ар кандай укук жана милдеттерге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

Биз сиздер үчүн чоңойуу этаптарындагы эң негизги юридикалык маселелердин тизмегин түздүк.

Төрөлгөндөн баштап ...

Чет мамлекеттик паспортун алууга укугуңуз бар.

Укуктарыңызды коргоо максатында ата-энеңиз же мыйзамдуу өкүлүңүз менен биргеликте сотко кайрылуу укугуңуз бар.

Мүлккө ээ болуу укугунуз бар.

2
3

6 жаштан ...

Мектепке чейинки билим алууга укуктуусуз.

Жеке керектөөлөрүңүз үчүн азыраак каражатка зарыл буюмдарды сатып алууга укуктуусуз (азык-түлүк, кеңсе буюмдарын сатып алуу).

7 жаштан ...

Мектепке кирип, 9-классты аяктаган соң аттестат (күбөлүк) алышыңыз керек.

4
5

10 жаштан ...

Бала 10 жашка толгон соң багып алуу үчүн баланын макулдугу шарт.

10 жашка толгонго чейин сиздин ата-энеңиз ЗАГС органдарына кайрылып, аты-жөнүңүздү өзгөртө алат. 10 жашка толгондон кийин атыңызды же фамилияңызды өзгөртүш үчүн сиздин макулдугуңуз керек.

Ата-энеңиз ажырашкан болсо, кимиси менен жашагыңыз келсе ошол адамды тандоого укуктуу болосуз.

14 жаштан ...

Оор кылмыштарга барганыңызда сот жообуна тартылышыңыз мүмкүн.

Милицияга арыз жаза турган учурда, сөзсүз түрдө ата-энеңиздин же камкорчуңуздун жазуу түрүндөгү макулдугу шарт.

Окуудан сырткаркы убактарда ишке кирип, ден-соолугуңузга зыян келтирбеген жана окуу процессине тоскоолдук жаратпаган, жеңил жумуштарды аткара аласыз. Бул сиздин аткарылган жумуш үчүн эң минималдуу эмгек акысын алууга укуктуу экениңизди билдирет.

Илимий, адабий жана искусство (чыгармачылык) жагынан чыгармалар же ушул сыяктуу интеллектуалдык иштериңиздин натыйжасында автордук укуктарга ээ боло аласыз.

Банктарга акча салып, салымыңызды тескөөгө укуктуусуз.

Жаштар коомдук бирикмелерине катышууга укуктуусуз.

6

Өспүрүм 14 жашка толгондон баштап киши өлтүрүү, ден-соолукка оор зыян келтирүү, ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү, зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери, киши уурдоо, кишилерди соода кылуу, уурдоо, тоноо, каракчылык, опузалап талап кылуу, автомототранспорт каражатын айдай качуу, бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу, терроризм актысы, барымтага алуу, атуучу куралды уурдоо же опузалап талап кылуу, бейбаштык, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, баңги каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу, транспорт каражаттарын же каттам жолдорун жараксыз абалга келтирүү сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылат.

7

16 жаштан ...

Кайсыл бир мыйзамды бузгандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылат.

Эреже катары, сиз менен ювеналдык сот адилеттиги ченеминде иш жүргүзүлөт.

КР паспортун(ID-Card) алышыңыз керек.

Мотоцикл колдонуу үчүн айдоочунун күбөлүгүн ала аласыз.

17 жаштан ...

Эгер сиз жигит болсоңуз, аскердик эсепке катталышыңыз керек (комиссиядан өтүп, таандык күбөлүгүн алуу керек). Жүйөлүү себептерден улам турмуш кура аласыз.

Жеңил унаа колдонуу үчүн айдоочунун күбөлүгүн  алууга уктуусуз.

8
9

18 жаштан ...

Сиз толук түрдө иш-аракетке жөндөмдүү болосуз. Бардык укук жана милдеттериңизди аракеттериңиз аркылуу ишке ашыра аласыз. Мындан сырткары бардык иш-аракеттериңиз үчүн толук түрдө жоопкерчиликти өз мойнуңузга аласыз.

Мындан улам, сиздин ата-энеңиз, жооптуу болгон бардык укук жана милдеттерден бошотулат.

Сиз ата-энеңиздин, камкорчуңуздун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу жок  турмуш курууга укуктуу болосуз.

18 жашына толгондо добуш берүү укугуна ээ болосуз.

Бала багып алуу укугуна ээ болосуз. Багып ала турган бала менен сиздин араңыздагы жаш айырмасы 16 жаштан көп болуусу зарыл.

Ата-энеңиз/камкорчуңуздун катышысыз милиция тарабынан суракка алына аласыз.

Ичимдик жана тамеки сатып алууга уруксат берилет.

Керектөө насыясы жөнүндө же болбосо ижара келишими сыяктуу келишимдер түзүлгөн учурларда, ошол келишимдердин шарттарын аткарууга милдеттүүсүз.

Сиз кайрылган банктан жеке текшерүү эсебиңизди жана кредиттик картаңызды сурап, кредит ала аласыз.

Мындан улам сиз кылмыш-жаза укугу боюнча бойго жете элек бала катары каралбайсыз жана айыптоо берилген учурларда жалпы эрежелер боюнча берилет.

21 жаштан ...

Өз кандидатураңызды шайлоого кандидат катары коё аласыз (жергиликтүү кеңеш же болбосо Жогорку Кеңешке депутат катары).

10
(Просмотров за все время 542, 1 посещений за сегодня)