Буллинг жана зомбулук

Буллинг жана зомбулук ар кандай формада болушу мүмкүн жана 4 негизги түргө — эмоционалдык, оозеки, физикалык жана виртуалдык болуп бөлүнөт.

Адатта, бул кандайдыр бир мажбурлоо, күч колдонуу жана куугунтуктоо менен байланыштуу — мунун баары жабырлануучуга ыңгайсыздык жараткан жана жакшы көрүлбөгөн жүрүм-турум. Мындай жүрүм-турум көп кайталанат. Бул бөлүмдө биз буллинг жана зомбулукка байланыштуу темаларды бириктирүүгө аракет кылдык.

Мектептеги буллинг

Буллинг олуттуу көйгөйгө айланды, анткени бул мектеп чөйрөсүндө эле болбойт. Тилекке каршы, көпчүлүк студенттер интернетке компьютерлер аркылуу же уюлдук телефондор же башка санариптик шаймандар аркылуу кире алышкандыктан, кибербуллинг кеңири жайылууда. Демек, бейбаштык мектептен сырткары, сабактан кийин, физикалык жактан жаман адамдарга жакын болбосо дагы жайылышы мүмкүн.

Бул бөлүмдө мектептеги буллинг боюнча айрым маалыматтар бар.

Буллинг деген эмне?

Буллинг — бул кимдир бирөөнүн башкасына үстөмдүк кылуу үчүн аны коркутуучу, капаландыруучу, депрессияга кабыл кылдыруучу сөздөрдү сүйлөөсү же иш аракеттерди жасоосу. Бул көбүнчө кайталанган жакшы көрүлбөгөн агрессивдүү жүрүм-турум. Ага жаман лакаптар менен атоо, кемсинтүү, шылдыңдоо, жаман сөздөрдү айтуу жана жазуу, сексуалдык комментарийлер, башкаларды кошпоо же көңүл бурбоо, коркутуу, мүлккө зыян келтирүү, физикалык зомбулук көрсөтүү жана башкаларды каалабаган нерселерди жасоого мажбурлоо кирет.

Буллинг мага кандай таасир берет?

Буллингди ар ким ар кандай кабыл алат. Эгерде сизди коркутуп жатышса, анда сизде капалануу, ачуулануу, тынчсыздануу, ыңгайсыздык, коркунуч сезимдери ойгонушу мүмкүн. Уктай албай кыйналышыңыз, же табитиңиз жоголуп, досторуңуз менен чогуу баарлашкыңыз келбей калышы мүмкүн. Жада калса мектепке баргыңыз келбей жаткандай сезилиши мүмкүн.

Эгер сиз бир нерсенин туура эмес болуп жатканын сезсеңиз жана сиз бактылуу болбой жатсаңыз, анда сизге жардам бере ала турган адам менен, мисалы, мугалим, психолог же башка ишенимдүү досуңуз же үй-бүлөңүз менен сүйлөшүүңүз керек.

Мектептеги буллинг менен эмне кылсам болот?

Буллингге каршы туруу жана ал жөнүндө бирөөгө айтуу эрдикти талап кылат.

Өзүңүз ишенген жана анын жанында өзүңүздү эркин сезген бир чоң кишини табууга аракет кылып, бул жөнүндө аларга кабарлап коюңуз. Бул чындыгында маанилүү!

Эсиңизде болсун, жардам сурап эч кандай туура эмес иш кылган жоксуз жана сиз кордонбоого укуктуусуңуз!

Эгер сиз эмне кылууну билбей жатсаңыз жана юридикалык жардамга муктаж болсоңуз, анда бизге АЮККга же юридикалык клиникага (ага шилтеме) кайрылсаңыз болот, биз сизге туура багыт ты көрсөтүп жардам бергенге аракет кылабыз.

Мектептеги буллинг жөнүндө кантип кабарлай алам?

Мектептерде даттанууларды кантип берсе болот жана алар кандайча териштирилет  деген арыздар боюнча саясат болушу керек.

Эгерде сиздин мектептебиңизде буллинг жок болсо, анда адегенде мугалимиңизге ал жөнүндө айтып беришиңиз керек. Көбүнчө мугалим эмне болгонун билүү үчүн сиз жана бейбаш адам менен сүйлөшөт. Оор учурларда, алар ишти мектеп мүдүрүнө өткөрүп беришсе болот, ал андан аркы чараларды көрүү укугуна ээ.

Эгерде сиз мугалим менен сүйлөшүүдөн ыңгайсыз болсоңуз, анда мектептин психологуна (социалдык педагог) кайрылсаңыз болот.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргызстандагы айрым балдар жана жаштар үчүн үй-бүлөлүк зомбулук алардын жашоосунун күнүмдүк бөлүгү болуп саналат. Жаштар зордук-зомбулукка түздөн-түз же үй-бүлөнүн башка мүчөсүнүн кордолушун көрүү коркунучуна кабылышат.

Үй-бүлөлүк зомбулук — бул үй-бүлөдөгү катаал мамиле, бирок бул жөн гана сокку же ур-токмок эмес. «Үй-бүлөлүк зомбулук» термини адамды коркууга жана эмоционалдык депривацияга алып келүүчү бир катар орой, физикалык, сексуалдык же психологиялык мүнөздөгү аракеттерди камтыйт.

Кандай гана себептерден улам, кандай гана иш кылбаңыз, үй-бүлөлүк зомбулукка эч кандай шылтоо жок.

Үй-бүлөлүк зомбулук ар кандай үй-бүлөлүк кырдаалдарда болушу мүмкүн. Эгерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып жатсаңыз, мыйзам чегинде кырдаалды өзгөртүүгө аракет кылсаңыз болот.

Үй-бүлөлүк зомбулук деген эмне?

Үй бүлөлүк зомбулук — бул үй-бүлөлүк мамиледе болгон жубай, ата-эне жана бала, бир туугандар, бир үйдө жашаган адамдар же башка жакын мамилелерде болгон адамдардын арасында болгон зомбулук.

Үй-бүлөлүк зомбулукка төмөнкүлөр кирет:

Физикалык зомбулук;

Сексуалдык зомбулук;

Психологиялык зомбулук.

Мени ата-энем урат, бул физикалык зомбулукпу?

Физикалык зомбулук — бул сизге зыян келтирүү же жаракат келтирүү үчүн, мисалы, уруу, тепкилөө, муштум, бетке уруу, өрттөө, түртүү, тартуу же бир нерсени сизди уруш үчүн колдонуу (мисалы, сизди урганда таяк колдонуу, же сизге бир нерселерди ыргытуу) сыяктуу кандайдыр бир байланыштын же кол салуунун түрү.

Психологиялык зомбулук деген эмне?

Психологиялык зомбулук — бул физикалык же сексуалдык мүнөздөгү эмес зомбулук. Ага оозеки кордоо, коркутуу (кимдир-бирөөнүн коркуу сезимин ойгондурууга аракет кылуу), куугунтуктоо, мүлккө зыян келтирүү, физикалык, сексуалдык, каржылык же экономикалык мүнөздөгү опуза кирет. Ошондой эле психологиялык зомбулук жагымсыз тексттерде / үн билдирүүлөрдө жана электрондук почталарда көрсөтүлүшү мүмкүн.

Эгер адам балага башка адамдын физикалык, сексуалдык же психикалык зомбулугун көрүүгө мүмкүнчүлүк берсе, же балага зомбулукту көрүү же угуу коркунучун туудурса, бул дагы психологиялык зомбулук болуп саналат.

Сексуалдык зомбулук деген эмне?

Сексуалдык зомбулук — бул сиздин уруксатыңызсыз болгон сексуалдык жүрүм-турумдун бардык түрлөрү, мисалы, сизди жыныстык катнашка мажбурлоо, өзүн же башка бирөөнү сексуалдык мүнөздө кармалоого сизди мажбурлоо. Сексуалдык зомбулук физикалык контактсыз да болушу мүмкүн, анын ичине порнографияны көрүүгө мажбурлоо, SMS билдирүүлөрүн колдонуу же сиз менен сексуалдык ыкмада сүйлөшүү, сексуалдык позада туруп берүүнү, чечинүүңүздү өтүнүү кирет.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип жатсам эмне кылышым керек?

Эгерде сиз же сиздин балдарыңыз үй-бүлөлүк зомбулуктун кайсыл бир түрүнө дуушар болсоңуз, анда сиз кимдир бирөө менен сүйлөшүшүңүз керек.

Төмөндө, сиз байланыша ала турган телефон номерлерин топтодук:

Эгерде түздөн-түз коркунуч жаралса, дароо милицияга 102 номерине чалыңыз.

Балдар үчүн ишеним телефону- 111;

«Система-112» — 112;

Зордук-зомбулукка жана зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү борбору, Бишкек шаары — 0312 54 29 34, 0312 44 25 10;

Акыйкатчы ишеним телефону (жумуш убагында) — 115.

Бишкек ШИИБ — 0312 43 71 75;

Чуй облустук ИИБ — 0312 43 88 85;

Ош облустук ИИБ — 03222 5 59 10;

 Талас облустук ИИБ — 03422 5 29 98;

 Ысык-Көл облустук ИИБ — 03922 5 24 14;

Джалал-Абад облустук ИИБ — 03722 5 66 66;

Нарын облустук ИИБ — 03522 5 09 21;

Баткен облустук ИИБ — 03622 5 00 15;

КР ИИМнин дежурдук бөлүгү   — 0312 66 23 31;

КР ИИМнин коомдук копсуздук кызматы — 0312 26 62 83;

КР ИИМнин ишеним телефону — 0312 26 64 18.

Күнү-түнү акысыз телефондор:

Кризистик борборлордун телефон номерлери:

КЦ «Шанс», Бишкек — 0709 71 03 20;

КЦ «Сезим», Бишкек — 0312 51 26 40, 0312 31 13 29;

КЦ «Ак-Журок», Ош — 0550 23 13 29, 0322 4 59 76;

КЦ «Аруулан», Ош — 0776 38 07 77, 0322 5 56 08;

КЦ «Мээрбан», Ош — 0559 49 20 07;

КЦ «Акылкарачач» Алай району — 0555 28 14 23;

 Гулчо айылында — 0776 28 14 23;

КЦ «Жаныл Мырза», Баткен — 0777 39 30 77;

КЦ «Маана», Талас — 0557 48 47 13, 03422 5 58 85;

КЦ «Теңдеш», Нарын — 03522 5 02 70, 0700 25 78 90;

КЦ «Энсан-Диамонд», Ош — 0772 32 89 60, 03222 5 50 84;

КЦ «Каниет», Джалал-Абад — 03722 5 50 84;

КЦ «Аялзат», Каракол — 0553 83 57 17;

КЦ «Алтынай», Чолпон-Ата — 0709 69 45 50.

Кибербуллинг деген эмне?

Онлайн-буллинг же кибербуллинг деп, кимдир бирөөнүн IT — технологиясын колдонуу менен башка бирөөнү жамандап же уят кылуусун атайбыз.

Кибербуллинг ар кандай мүнөздө болушу мүмкүн, мисалы, кимдир-бирөө социалдык тармактарда бир нерсе жайгаштырганда же:

— интимдик сүрөттөрдү уруксатсыз бөлүшсө;

— башка адамдарды бирөөгө зыяндуу билдирүүлөрдү жөнөтүүгө үндөсө;

— бирөөнүн купуя маалыматтарын алардын уруксатысыз бөлүшсө;

— бирөө жөнүндө жалган билдирүү жасаса;

— кимдир бирөө жөнүндөгү купуя маалыматты анын уруксатысыз бөлүшсө;

— кимдир бирөөнү анын терисинин өңү, расасы, этникалык курамы же улуту, жынысы, дини же майыптыгы үчүн шылдыңдоо аркылуу ыңгайсыз абалда калтырса;

— бирөөгө карата адепсиз мамиле кылса;

Бирөөнү, ага же анын мүлкүнө зыян келтирем деп коркутса.

Кибербуллинг мага кандай таасир тийгизет?

Санариптик мазмун дароо жиберилип көпчүлүк адамдар тарабынан көрүлүшү мүмкүн жана аны биротоло жок кылуу кыйынга турат. Технологияга жетүү, кибербуллингге ар кайсы убакта, ар кайсы жерде жана ар кандай адам учурашы мүмкүн дегенди билдирет. Буллинг сыяктуу эле, кибербуллингте да сиз капаланышыңыз, ачууланышыңыз, тынчсызданышыңыз, коркунуч же ыңгайсыздык сезишиңиз мүмкүн.

Эгер сиз бир нерсенин туура эмес болуп жатканын сезсеңиз жана сиз бактылуу болбой жатсаңыз, анда сизге жардам бере ала турган адам менен, мисалы, мугалим, психолог же башка ишенимдүү досуңуз же үй-бүлөңүз менен сүйлөшүүңүз керек.

Кибербуллингге кабылсам эмне кылуум керек?

Сиз тааныбаган адамдардан телефон номерлеринен же профилдерден келген билдирүүлөргө жооп бербеңиз.

Бейбашка жооп катары кол көтөрбөңүз, ага сиздин реакцияңыздан ырахат алуусуна жол бербеңиз.

Эгер сизге ыңгайлуу болсо, ал менен жеке сүйлөшүп, анын айткан сөздөрү же жасаган иштери жөнүндө сүйлөшүп көрүңүз.

Тааныш бирөө менен сүйлөшүп көрүңүз, досторуңуз менен сүйлөшүү сизди жакшы сездириши мүмкүн — же консультациялык кызматтарга кайрылсаңыз болот.

Билдирүүлөрдү жана сүрөттөрдү сактаңыз, анткени кийинчерээк сизге далил керек болот.

Сизди кибербуллингге учураткысы келген адамды социалдык тармактарда же телефон номерин бөгөттөп коюңуз. Постторуңузду коргоо үчүн купуялык жөндөөлөрдү колдонуңуз.

Эгерде сиз өзүңүздү кооптуу сезип жатсаңыз, тез арада милиция менен байланышыңыз.

(Просмотров за все время 9 856, 2 посещений за сегодня)