1

Киберкоопсуздук

Санариптик доорунда биз жеке маалыматтар, уюмдардын жана ишканалардын жеке маалыматтары сакталган компьютердик, уюлдук шаймандар, электрондук почта жана башка электрондук сисемалар аркылуу зыяндуу киберчабуулдарга кабылабыз. Көпчүлүк учурларда биз бул тууралуу билбейбиз.

Ошондуктан биз кибер коопсуздук жөнүндө кыскача маалыматтарды топтодук, бул сизге зыяндуу киберчабуулдардан коргоого жардам берет деген ойдобуз.

Кибер коопсуздук деген эмне?

Аны кээде компьютердик коопсуздук деп да аташат, ал киберкылмышкерлердин чабуулунан (кибер коркунучтан) коргонуу максатында компьютерлер, серверлер, мобилдик шаймандар, электрондук тутумдар, тармактар жана маалыматтар үчүн иштелип чыккан.

2

Кибер коркунучтардын кандай түрлөрү бар?

Киберкоопсуздук кибер коркунучтун үч түрүнө каршы күрөшөт:

  • киберкылмыш;
  • киберчабуул;
  • кибертерроризм.

Киберкылмыш, өз кезегинде, тутумдун иштешин бузуу же каржылык пайда алып келүү максатында ага кол салууга багытталган иш-аракеттер болсо, кибер чабуул негизинен саясий мүнөздөгү маалыматтарды чогултууга багытталган. Кибер терроризм адамдарды коркутуу же дүрбөлөңгө салуу максатында электрондук тутумдарды дестабилдештирүүгө (туруксуздандырууга) багытталгандыгы менен айырмаланат.

Кибер коркунучтар компьютердик тутумдарды кантип контролго алат?

Көпчүлүк учурда киберкылмышкерлер ар кандай шаймандарды жана ыкмаларды колдонушат. Мисалы, зыяндуу программалык камсыздоолорду, SQL инъекциясын (маалымат базаларынан маалыматты уурдоо үчүн иштелип чыккан), фишинг (чабуулдарды колдонуу менен колдонуучулардын купуя маалыматтарын алуу үчүн мисалы, банк карталары жөнүндө маалыматтар же паролдор) ж.б. үчүн иштелип чыккан.

Киберкоопсуздук куралдары маалыматтарыңызды кибер чабуулдардан коргоого кантип жардам берет?

Kaspersky кибер чабуулдардан кантип коргонуунун тизмесин түздү:

  1. Антивирустук программаларды колдонуңуз;
  2. Ишентмдүү сыр сөздөрдү колдонуңуз;
  3. Программалык камсыздоону жана иштетүү тутумун жаңыртуу;
  4. Белгисиз жөнөтүүчүлөрдөн келген электрондук почта тиркемелерин ачпаңыз (аларга зыяндуу программалык камсыздоолор жуккан болушу мүмкүн);
  5. Почта аркылуу белгисиз жөнөтүүчүлөрдөн же белгисиз веб-сайттардан алынган шилтемелерди ачпаңыз;
  6. Коомдук жайларда корголбогон Wi-fi тармактарынан алыс болуңуз. 

Киберкылмыштуулук

Барган сайын көптөгөн өспүрүмдөр менен жаштар киберкылмыштуулука аралашып жатышат. Көпчүлүгү бул кылган иш-аракеттеринин натыйжасын баамдабай туруп эле жыргалчылык үчүн жасашат, бирок мунун жазасы оор болушу мүмкүн.

3

Киберкылмыш деген эмне?

Киберкылмыштуулукту эки чоң категорияга бөлүүгө болот:

  1. Киберге көз каранды кылмыштар — бул компьютерди, компьютердик тармактарды же башка маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) колдонуу менен гана жасала турган кылмыштар. Киберге көз каранды кылмыштын мисалы болуп, кимдир бирөөнүн компьютердик тармагына уруксатсыз кирүү саналат, аны «бузуп кирүү» деп да атоого болот.
  2. Кибер кылмыштар (мисалы, алдамчылык, баңги заттарды сатуу жана балдарды сексуалдык эксплуатациялоо) онлайн режиминде да, оффлайн режиминде да жасалышы мүмкүн, бирок алар интернетте ири масштабтарда жана башка ыкмаларга салыштырмалуу тезирээк болушу мүмкүн.

Киберкылмыштын мисалдары:

Уруксатсыз кирүүгө кимдир бирөөнүн компьютердик тармагына алардын уруксатысыз кирүү, андан кийин башкалардын компьютерлерин көзөмөлгө алуу жана / же маалымат алуу кирет. Мисалы, мектептин компьютердик тармагындагы коопсуз аймакка кирүү жана тест тапшырмаларына жооп издөө же тесттин натыйжаларын өзгөртүүгө аракет кылуу.

Зыяндуу программаларды (зыяндуу программдык касыздоолорду), вирустарды, шпиондук программаларды, ботнеттерди жана алыстан кирүүчү троян программаларын түзүү, берүү же алуу мыйзамсыз болуп эсептелинет. Бул программалар кылмышкерлерге башка адамдардын компьютерлерине кирип, мыйзамсыз аракеттерди жасоого мүмкүнчүлүк берет. Досторуңуздун компьютерине алардын кабарысыз алыстан кирип «тамашалоо» жана аны менен алпурушуу дагы деле мыйзамсыз.

Эгер сиз киберкылмыштуулуктун катышуучусу же уюштуруучусу болсоңуз, анда сизди кандай кесепеттер күтөт?

Киберкылмыштуулук «Компьютерди бейукук колдонуу» мыйзамына ылайык олуттуу жазык кылмышы болуп саналат. УКМК жана полиция киберкылмыштуулукка өтө олуттуу мамиле жасашат жана кылмышкерлерди кармоо жана жоопко тартуу үчүн колдон келген аракетин жумшашат.

Киберкылмыштуулука катышы бар жаштар төмөнкүлөргө дуушар болушу мүмкүн:

  • милиция кызматкерлери же УКМК кызматкерлери тарабынан зыярат кылуу, эскертүү берүү;
  • компьютерлерди тартып алуу жана алардын интернетке кирүүсүнө тоскоолдук кылуу;
  • айып пул;
  • камакка алынуу;
  • оор кылмыштар үчүн эркинен ажыратылуу;

Белгилей кетүүчү нерсе, соттолгондук сиздин билим алууңузга жана келечектеги карьераңызга, ошондой эле потенциалдуу келечегиңизге таасир этиши мүмкүн.

Эгерде сиздин мектебиңиз киберкылмыштуулуктун курмандыгы болду деп же окуучу киберкылмыш жасап жатат деп эсептесеңиз, анда 102ге чалып, полицияга кайрылсаңыз болот.

Кибердик жөндөмдү позитивдүү түрдө кантип колдонсо болот?

Оюн, компьютердик программа, киберкоопсуздуктарды же башка IT менен байланышкан нерселерди коддоо чоң суроо-талапка ээ жана бул тармакка кызыккан адамдар үчүн көптөгөн карьералар жана мүмкүнчүлүктөр бар.

Биз кибердик жөндөмдөрдү өркүндөтүүнүн зарылдыгынын бир катар себептерин төмөндө даярдап койдук:

  • башынан жакшы эмгек акы жана жеңилдиктер үчүн жагымдуу пакеттер;
  • бул кесиптин варианттары Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да чоң суроо-талапка ээ. Бул жаштардын жаңы кибердик жөндөмдөрдү үйрөнүү менен жаңы жерлерге саякаттоого мүмкүнчүлүгү бар;
  • динамикалык түрдө өнүгүп турган индустриянын бир бөлүгү болуу — көңүлдүү жана жаркын күндөрдү өткөрүү менен бирге кибер дүйнөсү жөнүндө билимиңизди кеңейтүү  жана жөндөмдөрүңүздү жаңыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;
  • Ар кыл өнөр жай тармактарында колдонууга боло турган жана жогорку деңгээлде которула турган  жөндөмдөр.
(Просмотров за все время 2 078, 1 посещений за сегодня)