1

Мүлктүк укуктар

Бардык адамдар кандайдыр бир менчике же менчик укугуна ээ. Жарандык мыйзам материалдык (мүлк, буюмдар, акча ж.б.) жана материалдык эмес (ар-намыс, кадыр-барк, автордук укук ж.б.) артыкчылыктарга байланыштуу кеңири укуктарды жана милдеттерди жөнгө салат. Бул абдан көлөмдүү болгондуктан, көп берилүүчү суроолорго жоопторду топтодук. Суроо-жооптор дагы толукталат.

Мүлк деген эмне? Канча жаштан баштап мүлккө ээ боло алат?

Мүлк – бул жарандык укуктардын материалдык жана материалдык эмес объектилери. Алар ээликтен ажыратылышы жана бир адамдан экинчи бир адамга өткөрүлүшү мүмкүн. Мүлктүн түрлөрү: кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, накталай акча каражаттары, документтер; мүлктүк укуктар.

Жаран төрөлгөндөн баштап өзүнө таандык мүлктөргө ээлик кылууга укуктуу.

Өз сүрөтүнө укуктуулугу

Өз сүрөтүнө болгон укук эмнени билдирет? Сизди сүрөткө тартып, сүрөтүңүздү макулдугунуз жок жарыялоого болобу?

Сиздин сүрөтүңүздү сиздин макулдугуңуз жок жарыялоого жана жайылтууга эч кимдин укугу жок. Эки гана учурда сурөткө тартууга жана аныжайууга уруксат берилет. Биринчиси, соттун же тергөө органдарынын талабы менен, экинчиси, сүрөт коомчулук арасында тартылган болсо.

2
3

Бүтүм

Бүтүм деген эмне?

Бутүм жана келишим арасында кандай айырмачылыктар бар?

Жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган жарандардын жана уюмдардын аракеттери бүтүмдөр деп таанылат. Келишим — тараптардын ортосундагы мындан аркы аракеттер жөнүндө, анын максаты бүтүмдүн максаттарына дал келген макулдашуу. Алардын ортосундагы айырмачылык бул тараптарлардын саны: бүтүмдө 1, 2 же андан көп тарап болушу мүмкүн, ал эми келишимде кеминде 2 тарап болушу мүмкүн. Ошондой эле, алардын ортосундагы айырмачылык корутундунун түрүндө. Келишим көбүнчө жазуу түрүндө түзүлүп, бүтүм оозеки жана жазуу түрүндө болушу мүмкүн.

Эсиңизде болсун: ар бир келишим — бүтүм, бирок ар бир бүтүм — бул келишим эмес.

14 жаштан 18 жашка чейинки бойго жете элек балдар кандай бүтүмдөрдү жасай алышат?

14-төн 18 жашка чейинки бойго жете электер төмөндөгү бүтүмдөрдү жасоого укуктуу: Несовершеннолетние в возрасте от четырнадцати лет вправе самостоятельно совершать сделки:

— майда тиричилик;

— артыкчылыктарды кайтарымсыз алууга багытталган бүтүмдөр сделки, направленные на безвозмездное получение выгод;

— мыйзамдуу өкүл тарабынан белгилүү бир максатта же эркин тескөө үчүн берилген каражаттарды тескөө боюнча бүтүмдөр.

4
5

Жашы жете элек балдар автордук укукка ээ боло алышабы?

14төн 18 жашка чейинки бойго жете элек балдар  илимий, адабий жана искусство (чыгармачылык) жаатындагы чыгармалары же ушул сыяктуу ойлоп чыгарган иштери үчүн автордук укуктарга ээ боло алат.

Эмансипация деген эмне?

Бул 16 жашка толгон жашы жете элек баланын толук жөндөмдүү, башкача айтканда, өзүнүн укугун тескөөгө жана жоопкерчилик тартууга жөндөмдүү экендиги жөнүндө жарыялоо (чоңойгонун мыйзамдуу түрдө таануу). Эмансипациядан кийин, өспүрүм бизнес жүргүзө алат, расмий түрдө иштей алат ж.б. Бирок үйлөнүү жана турмушка чыгууга дагы деле уруксаат берилбейт. Эркектер аскердикке 18 жашка толгондон кийин чакырылат.

Жарандык абалдын актылары деген эмне? Мамлекеттик каттоого кандай актылар кирет?

Жарандык абалдын актылары — жарандардын аракеттери же укуктардын жана милдеттердин пайда болушуна, өзгөрүшүнө же токтотулушуна таасир этүүчү окуялар.

Мамлекеттик каттоого төмөнкү жарандык абалдын актылары кирет:

— төрөлүү;

— никеге туруу;

— никени бузуу;

— баланы/кызды асырап алуу;

— аталыкты белгилөө;

— аты-жөнүн өзгөртүү;

— жарандын өлүмү.

Канча жаштан баштап адам жеке мүлкүн башкара алат?

Мүлктү 18 жаштан баштап гана өз алдынча тескөөгө мүмкүн. 14 жаштан 18 жашка чейин бүтүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрдүн (ата-эненин же камкорчуларынын) жазуу түрүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

6
(Просмотров за все время 1 440, 4 посещений за сегодня)