1

Шайлоо укугу

Кыргызстандын эли эгемендүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин бирден-бир булагы болуп саналат. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.

Бул блокто биз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн бир топ маанилүү маселелерди даярдадык.

Жалпы шайлоо укугу деген эмне?

Если Вам исполнилось 18 лет, то Вы можешь выбирать будущего Президента, членов в парламент и местные органы власти. Также быть избранным в органы государственной власти и органы местного самоуправления.

2

Жалпыга тең шайлоо укугу, сиздин шайлоого теңдиктүү негиздерде катышууңузду билдирет. Ар бир шайлоочу бирдей сандагы добушка ээ жана өз аракеттери үчүн жоопкерчиликтүү.

Тикелей шайлоо укугу, сиздин парламент жана президенттикке өз өкүлдөрүңүздү, алардын ким экендигин билип, эстүүлүк менен добуш берүүңүздү билдирет.

Жашыруун добуш берүү – добуш берүү учурунда шайлоочунун эркине эч кандай кысым көрсөтүү жана көзөмөл жүргүзүүнү жокко чыгаруучу добуш берүүнү түшүндүрөт. Эч кандай кысым көрсөтүүсүз жана көзөмөлсүз өз өкүлүңүздү, анын болочоктогү кызмат ордун тандай аласыз, кимге добуш бергениңизди бир гана сиз билесиз. Добуш берүүнүн жашыруун түрдө болгонун  бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

Ким шайлоого жана шайланууга укуктуу эмес?

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу өкүмү күчүнө киргендиги боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

Соттолгону мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

Шайлоо жана шайлануу үчүн кандайдыр бир чектөөлөр барбы?

Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу.

Референдум деген эмне?

Референдум – бул жалпы элдик добуш берүү, коомчулуктун парламентке депутат, президент тандоого, Конститутцияга жаңы оңдоолор киргизуугө макул/каршы добуш берүүгө чечимдерди кабыл алуу ыкмасы.

Мамлекет референдумду кандай принциптердин негизинде өткөрөт?

Референдумга катышуу эркин болуп саналып, добуш берүү ыктыярдуу жана жашыруун болуп айрымаланат. Референдумдун ар бир катышуучусу бирден добушка ээ.

Эгер сиз Кыргыз Республикасынын чегинен же катталган жериңизден тышкары жүргөн болсоңуз келерки шайлоо 2020да кантип добуш берүүгө болоору жөнүндө кененирээк ушул шилтемеден маалымат алсаңыз болот:

https://kloop.kg/blog/2020/07/24/vybory-2020-kak-progolosovat-esli-vy-ne-v-kyrgyzstane-ili-ne-v-meste-propiski/

(Просмотров за все время 977, 1 посещений за сегодня)