1

Жаштардын эмгек укуктары

Жаштардын эмгек укуктары маселеси мектеп окуучуларынын, студенттердин жана жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында өтө актуалдуу маселе болуп саналат. Сиз, жумушка орношуу учурунда ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болушунуз мүмкүн, ошондуктан биз сиздер үчүн жаштардын эмгек укуктары жөнүндө кыскача маалымат даярдап бердик.

Эмгек келишимин түзүүдө көрсөтүлүүчү документтер

  1. паспорт;
  2. эмгек китепчеси (бар болсо);
  3. социалдык коргоо күбөлүгү (биринчи жолу ишке орношуп жаткан адамдарга иш берүүчү тарабынан эмгек китепчеси жана социалдык коргоо күбөлүгү толтурулат);
  4. атайын билимдерди (даярдыктарды) талап кылган ишке кызматкер билими жөнүндө (адистиги, квалификациясы) документи;
  5. аскердик эсепке алуу документтери (аскерге милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон адамдар);
  6. 18 жашка чейинки курактагы адамдарды тарбиялоо, окутуу жана тейлөө менен байланышкан иштерде иштөөсү үчүн соттолбогондугу тууралуу маалым катты көрсөтөт. (КР ЭК 64 б.).
2
3

Эмгек келишимин түзүү жана ишке кабыл алууну жол-жоболоштуруу

Эмгек келишими жазуу жүзүндө эки нускада түзүлүп даярдалат жана ага тараптар кол коюшат.  Бир нускасы кызматкерге берилип, экинчиси иш берүүчүдө сакталат.

Жумушка кабыл алганда жумуш берүүчүнүн кандай милдеттери бар?

Мыйзамдарды жана башка мыйзам ченемдик укуктук актылардын, локалдуу ченемдик актылардын, жамааттык келишимдин, макулдашуулардын жана эмгек келишимдеринин шарттарын сактоого, эмгек коопсуздугун уюштурууну камсыз кылууга жана кызматкер үчүн эмгек китепчесин ачууга милдеттүү.

4

Ишке кабыл алуу кандай документтер аркылуу жүргүзүлөт?
Эмгек келишими деген эмне?

Эмгек мамилеси кызматкер жана иш берүүчү арасындагы келишим негизинде түзүлөт. Кызматкер, ишин келишимде белгиленген күндөн тарта аткарып баштайт. Эмгек келишиминде ал күн белгиленбеген болсо, кызматкер, келишим күч алгандан кийинки иш күнү жумушка чыгууга милдеттүү.

Эмгек китепчеси деген эмне?

Кызматкердин эмгек ишмердүүлүгү жана эмгек стажы тууралуу негизги документи.

Эмгек китепчеси кайсыл убакытта катталат?

Каттатуу, уюмда 5 кундон ашык иштеп жургон кызматкердин көзүнчө өткөзүлөт.

Кызматкерди ишке кабыл алуу боюнча иш берүүчү тарабынан берилген буйрук деген эмне?

Түзүлгөн эмгек келишими негизинде, пайда болгон эмгек мамилени тастыктаган документ.

Кызматкерди ишке кабыл алуу боюнча иш берүүчү тарабынан берилген буйрук кайсыл убакытта катталат?

Кызматкерди ишке кабыл алуу үч күндүк мөөнөттө иш берүүчүнүн буйругу менен жол-жоболоштурулат. Иш берүүчүнүн буйругу кол коюлган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө кызматкерге кол койдуруу менен жарыя кылынат.

Кызмат орундук нускама деген эмне?

Ыйгарым укуктарды, эмгек укуктарды, кызматкердик милдеттерди жана буларды аткарбоо же ылайыксыз аткаруу боюнча жоопкерчиликтерди  ичине камтыган   документ.

Кызмат орундук нускама кайсыл убакытта жана кандай катталат?

Эмгек келишимине кол коюла турган учурда, иш берүүчү, кызматкерди кызмат орундук нускама менен тааныштырып, кол койдурат.

Канча жаштан баштап эмгек келишимин түзүүгө уруксат берилет?

14 жаш

Окуудан сырткаркы убактарда ишке кирип, ден-соолугуңузга зыян келтирбеген жана окуу процессине тоскоолдук жаратпаган, жеңил жумуштарды аткаруу;

Ата-эненин бирөөсүнүн (камкорчунун, көзөмөлдөөчүнүн) же камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдарынын жазуу түрүндөгү макулдугу, ошондой эле медициналык маалымкат керектелет.

15 жаш

Уюмдун ишкерлери менен орган жетекчилеринин ортосундагы бирдиктүү келишим, же болбосо мамлекет тарабынан белгиленген ыйгарым укуктуу өкүлүнүн келишими жана медициналык кубөлүк (маалымдама)

16 жаш

Медициналык маалымкат.

18 жаштан баштап

Жөнөкөй тартип.

Күнүмдүк жумуш убактысынын (сменанын) узактыгы

Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгы эмгек кодексинде каралган учурларды кошпогондо жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш.

Бойго жете элек кызматкерлер үчүн кыскартылган жумуш мөөнөтү белгиленет.

Ал мөөнөт жумасына 36 сааттан ашпоосу керек:

  • 14төн 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлер үчүн жумасына — 5 сааттан;
  • 16дан 18ге чейинкилерге — 7 сааттан.

Окуу жылынын ичинде окуусун иш менен айкалыштырган мектеп окуучуларына:

  • 14төн 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлер үчүн – 2,5 сааттан
  • 16дан 18ге чейинки курактагыларга — 3,5 сааттан;

Мөөнөтүнөн ашык иштелген жумушка алгачкы эки сааты үчүн бир жарым эседен кем эмес, калган сааттары үчүн — эки эседен кем эмес акы төлөнөт.

5

Эмгекке акы төлөөнүн формасы кандай болот?

Эмгек акы айына бир жолудан кем эмес төлөнөт. (КР ЭК 157 б.). Эмгекке акы төлөө мыйзамда белгиленген эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес.

Эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын валютасы (сом) менен акчалай түрдө жүргүзүлөт. Эмгек акыны карыздык милдеттенме, тилкат, азык-түлүктүк же өнөр жайлык товар карточкалары же ушул сыяктуу акчанын ордуна жүргөн алмаштыргычтар менен төлөөгө тыюу салынат.

Эмгек келишимин токтотуунун негиздери кандай?

Эмгек келишимин бузууну каалаган эмгек келишиминин тарабы экинчи тарапка жазуу жүзүндө сунуш жиберет. Сунушту алган тарап 3 күндүн аралыгында экинчи тарапка кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

6
(Просмотров за все время 3 527, 4 посещений за сегодня)